Польшада кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу аяктады. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, Кыргызстандык спортчулардан мелдештин алгачкы күндөрүндө 2011 жана 2012-жылкы дүйнө чемпиону Ольга Ярославцева бир күмүш жана коло медаль утса, Александр Ли бир күмүш тагынды. Мелдештин кийинки күндөрүндө байгелүү орунга жакын болгон кыргызстандык спортчулардан Евгений Лукьянов (110 килограмм салмакта, оң кол менен) 6-орун, Равшан Абдурахимов (бир нече салмакта кол күрөштүргөн) 16-орун жана Артём Мартынов 29-орунду ээледи.