Тажикстандын футбол боюнча чемпиондугунун 12-турунда курамында кыргызстандык дарбазачы оюн көрсөткөн “Хайр” клубу “Истаравшан” менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. 12-турдан кийин Владислав Волковдун командасы “Хайр” клубу 20 упай менен 3-орунду ээлегени белгилүү болду. 33 жаштагы мурдагы “Абдыш-Ата” жана “Дордой” клубунун дарбазачысы Владислав Волков Тажикстан футбол федерациясынын маалыматы боюнча, августтун аягында “Хайр” клубуна өткөн эле.