УКМК: "Ошто эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды"

Ош шаарында эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кармалган жаран 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келгени айтылат.

"Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү (жалдануучулук) фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 1989-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны Т.Н. кармалды.

Жогорудагы соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
filis
2020-06-22 13:44:22
Бейиш, тозок деген диний жомокторго ишенип кереги жок.
-5
-BOSS-
2020-06-22 13:59:50
filis, Динди туура түшүнбөгөн сага окшоп жомок дегендер адашып ушундай туура эмес жолдорго барып жатышат, диндин жетишсиздиги, динди ар тарапка бурмалагандардын иши!
+1
ZUXRIDDIN20
2020-06-22 14:33:47
filis. Сен не атеиссиңби
+1
Senator
2020-06-22 14:06:16
Жомок эмес бул Ислам дини тууган,
+2
AdylbekB84
2020-06-22 15:16:01
Динди туура түшүнбөгөндөр ушундай жолго барышат!
+2
Kairat1996
2020-06-22 16:49:55
Мындай ишке динди тушунгондор эмес, динге обу жок берилгендер барышат. Динге берилип кереги жок. Пайда жок. Дин бул жон гана илгерки араб, еврейлерден тараган догма, миф. Эч ким олуп тирилип тигил дуйнону барып коруп келишкен эмес. Жомок, жомок жомок.
-2
sinej
2020-06-22 17:09:11
Суннот деп арабтардын, пакистандын кийимдердин алдап кыргыздарга тануулап жатасынар калпычы молдолор.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан