Ош облусунун Өзгөн шаарында 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду. Окуя 20-июнда кечки саат 22:00 чамасында сейил бакта орун алганын Ош ОИИБинин маалымат катчысы ырастады.
"Өзгөн шаарынын Саракск көчөсүндөгү эс алуу багында селкинчек тээп жаткан жигит кокусунан кулап, алган жаракатынан улам ооруканадан каза болду. Маркум 2001-жылы туулган А.А. Өзгөн шаарынын тургуну болгон.
Каза болгон жарандын жакындары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан текшерүү башталды. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен эс алуу жайынын ээсине карата мыйзамдуу чара көрүлөт. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.