Ош облусунун Өзгөн шаарында 19 жаштагы жигит селкинчектен кокусунан кулап каза болгону маалымдалган. Кырсык кандай болгону видеобайкоого жазылып калган. Аны Ош ОИИБинин маалымат кызматы таратты.
Анда балдардын селкинчекти башкаларга салыштырмалуу катуу тээп жатканын көрүүгө болот. Бул учурда селкинчектин бир тарабында турган жигит жерге кулап түшкөн. Эс алуучулар селкинчекти токтотуп, кулап түшкөн баланы тургузуп жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча эс алуу жайдын ээсине тиешелүү чара көрүлөрүн облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.