Ысык-Көлдүн "Лидер" футболдук клубу Кыргыз Премьер-Лигасынан (КПЛ) четтетилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Премьер-Лигасынын басма сөз кызматкери Нурсултан Нурболот уулу билдирди.
"Лидер" футболдук клубу Шоро Премьер-Лигасынын клубдары арасындагы футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунан четтетилди. Бул чечим клубдун каржы жана спорттук милдеттенмелерин аткара албагандыгына байланыштуу клубдун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган", - деп билдирди ал.
Мындан тышкары "Лидер" клубу Кыргыз Премьер-Лигасынын курамынан чыгарылат жана Кесиптик футбол лигасына мүчөлүгү токтотулат.
"Лидер" футболдук клубу КПЛдин турнирдик жадыбалында жетинчи орунда келе жаткан.