Кыргызстандык теннисчи Даулет Жумаев Орусиядагы эл аралык мелдештин 2-айлампасына чыкты

Эл аралык теннис федерациясы билдиргендей, кыргызстандык теннисчи Даулет Жумаев Орусиянын Тольятти шаарында өтүп жаткан "TSZ Cup" аттуу эл аралык мелдештин 2-айлампасына чыкты. Алгачкы беттеште Даулет Жумаев жалгыз ойноодо орусиялык Антон Харченко менен таймашып, 2:6, 6:1, 6:3 эсебинде жеңди. 2-айлампада Даулет Жумаев дагы бир орусиялык теннисчи Роман Гиголаев менен беттешмекчи. Мындан сырткары спортчу жуп менен ойноодо орусиялык Михаилом Вовканца менен чүчү кулактын жыйынтыгында атаандашсыз калып, чейрек финалга өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
777bek
2013-09-10 12:05:27
Саламатсынбы админ. Мен Кыргызстан менен Беларустардын футболдук беттешинин жыйынтыгын укпай калдым эле айтып бере аласынарбы.
0
admin_superstan
2013-09-10 12:29:58
777bek, Саламатсызбы!
Кыргызстанды 3:1 эсебинде Беларусь курама командасы жеңип кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан