Бүгүн, 22-июнда Ош облусунун Өзгөн районунан тиешелүү лицензиясы жок сыра өндүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган сыралар “Аталык-Групп” ишканасынын “Аталык Өзгөн” филиалына тийиштүү болгону айтылат.
Жыйынтыгында спирт камтылган 74 миң 665 литр продукция мыйзамсыз делинип, мөөр менен бекитилген.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.