Кыргыз өлкөсүнүн улуттук экономикасынын турмуш жолу

Казакстандын эӊ ири магистралдык темир жол түйүнү – "Казакстан темир жолы" Улуттук компаниясы" акционердик коому Казак Республикасынын өкмөтүнө бир катар демилгелерин сунуштап кайрылды.

Маселен, "КТЖ" УК" АК унификацияланган тарифтин наркын бардык багыттар боюнча белгиленген транзиттик тарифке теӊеп коюну: республика ичиндеги багыттар, экспорт жана импорт, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташылган транзит жүгүнүн тарифине теӊеп коюуну сунуштап чыкты. Биздин серепчилердин пикири боюнча, КТЖнын мындай демилгеси ЕАЭБ алкагындагы интеграциянын негизги принциптерине кайчы келип, Бирикменин башкы максаты – өндүрүм, тейлөө кызматы, капитал жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү максатына каршы турат. Биздин саясатчы, ЕАЭБ маселелери боюнча серепчи Игорь Шестаковдун айтымында, КТЖ өз демилгеси менен Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуу бизнесин "биротоло талкалайт".

"Кыргыз мамлекети үчүн Казакстан менен унаа катнашы улуттук экономикасынын "турмуш жолу" болуп эсептелинет. Ошондуктан аны чектеген чаралардын бардыгы, маселен тарифтерди жогорулатуу, биринчи кезекте республикабыздын экономикасына жана ата мекендик бизнес коомчулугуна сокку урат. Кыргыз өлкөсүнүн экспорттук мүмкүнчүлүгү анчалык деле чоӊ эмес, бирок биздин экспорттун 80 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн базарына багытталган. Бул жерде сөз Казакстан жана Орусияга айыл чарба азыктарын ташуу жөнүндө жүрүп жатат, ал эми тарифти көтөрүп салышса, биздин бизнестин кирешеси кыйла төмөндөп кетет. Иш орундары кескин кыскарып, Кыргыз жарандарынын эмгек акысы да азая түшөт.

Ушул жыл Кыргыз өлкөсүнүн гана эмес, бүткүл дүйнө экономикасын "деӊгиреткен" жыл болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Азыр серепчилер коронавирус келтирген залаканы Экинчи дүйнөлүк согуш келтирген зыян менен салыштырып отурушат. Согуштан кийин өлкөлөр азыркыдай зыянга учураган эмес, экономика азыркыдай "деӊгиреген" эмес. Албетте, КТЖ жетекчилигинин азыркы демилгеси ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эсепке албастан, биринчи кезекте өз кызыкчылыгын гана ойлоодо.

Эсиӊерге сала кетейин, Казакстан Евразиялык экономикалык бирикмесин негиздөөнүн демилгечиси болуп чыккан, ошондуктан бул өлкө тариф саясатында биринчилерден болуп лоялдуулуктун үлгүсүн көрсөтүш керек эле деген пикирдемин. Бул ЕАЭБ кепилдик берүүчү негизги экономикалык эркиндик болушу керек эле. Мындай маанилүү чечимдер кеӊешип туруп кабыл алынышы керек. Себеби Кыргыз мамлекетинин экономикасына жана бизнесине мындай демилгелер сокку уруп, бирикмеге эч кандай пайда алып келбейт. Эгемендүүлүк жылдары Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда бир туугандык, шериктештик мамилелер өкүм сүрүп келгенин эстен чыгарбоо керек, себеби чек арабыз бир, экономикалык байланышыбыз бекем эле. Менин оюмча, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев даанышмандык кылып, ушундай популисттик демилгелерди "алысыраак" жылдырып коюшу керек. Казакстан жетекчилиги, менин пикиримде, бул маселеге оор басырыктуу мамиле жасашы абзел».

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан