“Енисей” кафесинде ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 123кө жетти

Бишкектеги “Енисей” кафесинде ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 123кө жетти. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. 82 адам ооруканага жаткырылды, алардын 12си жаш балдар. “Бейтаптын үчөө ооруканадан чыгарылды. Абалдары канааттандырарлык”,- деди ал. Белгилүү болгондой, “Енисей” кафесинде 6-сентябрда кыз узатуу тою болгон. Коноктор кеткен соң, эртеси алардын дене табы көтөрүлүп, ичтери өтүп, куса башташкан. Учурда массалык түрдө уулануунун себеби такталып жаткандыгы жана аталган кафе жабылып, текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muhito
2013-09-10 10:27:58
менимче бул жерде кафенин деле куноосу жок болсо керек, анткени тойго продуктыны той ээлери оздору алып барат да. менин тааныштарымда да ушундай окуя болгон.
0
fanatkg
2013-09-10 11:14:58
Админ 6тысындабы же 8индеби?
0
admin_superstan
2013-09-10 11:38:46
fanatkg, Саламатсызбы!
6-сентябрда болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан