Айдаркенде 24 миң даана лампаны аткезчилик жол менен Өзбекстанга өткөрүүгө аракет кылып жаткан адам кармалды

Бүгүн, 23-июнда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, Мүрзө жергесинде Хундай-Портер автоунаасы менен өткөрүү жайынан тышкары аймактан мыйзамсыз түрдө өтүүгө аракет кылган айдоочу токтотулган. Аны текшерүүдө унаасынан 24 миң даана лампаны уруксат берүүчү документтери жок Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

Андагы жүктүн жалпы суммасы 240 миң сомду түзгөн.

Кармалган Д.Б. аттуу жаран жана жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Majit1975
2020-06-23 17:19:45
Ошондо ар бир лампанын баасы он сомдонбу?
+2
jalguzum
2020-06-23 18:34:44
Айдеркендин кайсыл жеринде экен мурзо жергесин биринчи жолу уктум
+1
AdylbekB84
2020-06-23 18:42:08
Акча үчүн сатылбай кыса турган жериңерди кыссаңар, көргүлүктү көрсүндөр Сохтуктар! Кечээ эле эмне болду эле унуттуңарбы, эми биздин жерге чейин асфальт басып жатышат!
+3
ZUXRIDDIN20
2020-06-23 19:56:19
Биз Өзбекстанда ушундай жөнөкөй эле лампочкаларды 3500 миң сум (30сом) с атабыз магазиндерде.
+4
Krai
2020-06-23 23:29:02
ZUXRIDDIN20, ошондо сен өзбекстандан киресинби ээ суперге. Азаматсын атың окшошпогону менен, байкап жүрөм кыргызча таза сүйлөп таза пикир калтырасын, ошондо этникалык кыргыздардан болосуң го ээ негизги суперди үзбөй окуйт окшойсуң
0
ZUXRIDDIN20
2020-06-24 15:39:01
Krai,Ошондой Өзбекстандык кыргыздарданмын. Супер кж ге бир саатта 10 жолу киремго:-)
0
Mamiev
2020-06-23 21:27:17
Булар ошондо коңшу Озбекстангабы же Кыргызстандын ичиндеги озбекстанга алып чыгып кетип баражатышканбы
0
Flowhive
2020-06-23 21:31:55
Экспортту тоспош керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан