Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 23-июнда түнкү саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси жол жээгинде жатканын көрүшкөн.
"Кызматкерлер дароо эле "Тез жардам" кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алышкан. Ыкчам издөөнүн натыйжасында, Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К., 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. изи сууй электе кармалып, Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.