Бишкекте 84 жаштагы аялдын 146 миң сомун алдоо жолу менен алып, изин жашырып кетишкен. Алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. Алар өздөрүн социалдык кызматкер деп тааныштырып, 84 жаштагы аялдын акчасын алдоо жолу менен тартып алганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 11-майында нөөмөт бөлүмгө улгайган аялдын акчасын алдоо жолу менен уурдап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барганда, 1936-жылы туулган аял арыз жазып, эки белгисиз аялга карата чара көрүүнү суранган. Анда өздөрүн социалдык кызматкер деп тааныштырып, арыз ээсинин 146 миң сомун алдоо жолу менен алып, изин жашырып кеткени айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мындан тышкары 19-июнда К.Е. аттуу жаран укук коргоочуларга кайрылып, Саманчин көчөсүндөгү үйүнө түн ичинде белгисиз адамдар өз алдынча кирип, 13 миң 600 сомун алып кеткенин айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Комплекстүү тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинген эки Орус жараны (1980-жылы туулган М.Р., 2000-жылы туулган М.К.) жана 1981-жылы туулган М.Н. аттуу кыргыз аял кармалган. Октябрь райондук соту тарабынан Орус жарандарына башка жакка чыгып кетпөө чечими чыкса, Кыргыз жараны 2 айга СИЗО-1ге киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сүрөттөгү жарандардан жабыркагандар болсо укук коргоочуларга кайрылууну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(554) 102-165, 0(990) 102-308, 0(554) 102-198 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
XATSAN125
2020-06-23 21:00:53
Иттер экен ит
+3
Dani
2020-06-23 21:14:18
Сизого баарын камабайбы,орусту кое берип кыргызды камабай
+2
Jibakana
2020-06-23 21:33:26
Dani,акчаларынан болушуп Берген го милиция байкелерибизге
0
Bekish-
2020-06-24 03:38:56
Көзүн жабып койсоңор ким таанымак эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан