Бүгүн, 23-июнда Нарында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен улам коктулардан суу ашып, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, саат 14:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Жумгал районунун Чаек айылындагы 15 турак үйдүн короолорун каптаган. Жерине райондук бөлүмдөн ыкчам топ, 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.
Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.
Буга чейин Кыргызгидромет Нарын облусунда 23-июнда күндүз жана 24-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, ал эми 23-июнда түнкүсүн облустун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн кабарлаган.