Бишкекте 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, кош бойлуу аял жаракат алды. Маалыматты Патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
Кырсык бүгүн, 23-июнда болжол менен саат 18:10 чамасында Раззаков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Анда БМВ х3, Ниссан жана Киа К5 үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы орун алган. Кырсыктын кесепетинен БМВ х3 автоунаасынын айдоочусу, кош бойлуу аял жабыркап, ооруканага жеткирилди. 3 унаа тең айып аянтына токтотулду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - деди маалымат катчы.