Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катталган шамал мектептин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Шамал бүгүн, 23-июнда саат 16:30 чамасында болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Маалыматка ылайык, Каргалык айыл аймагына караштуу Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен. Жеринде ӨКМнын райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 24-июнь күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.