Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жетекчиси кызматына сынак жарыяланды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Анда талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2-июль саат 17:00гө чейин жүргүзүлөрү эскертилет.
Консерваториянын жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:
• ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиликке талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
• талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
• талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
• Кыргыз өлкөсүнүн “Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчиси кызматына талапкерге коюулучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.
Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү 115, байланыш номери: 57-02-25, 57-95-02, conservatoria93@mail.ru
Аталган окуу жайдын ректору композитор, педагог, коомдук ишмер Муратбек Бегалиев.