Антикризистик иш-чаралардын алкагында CapstroyKG курулуш компаниясы кардарлар үчүн пайдалуу акцияларды гана чыгарып болбостон, жаңы позицияланууну да тартуулайт. Өзгөрүүлөр компаниянын логотибинде, слоганында жана корпоративдик маданиятында пайда болду.
"Жаңы позициялануу бизге бакыт маданиятын үгүттөөгө жардам берет жана адамдарга өз бактысын табууга, үй-бүлө курууга, жашоосун өркүндөтүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого жардам берүү миссиябызды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Тандалган стратегия компаниянын жаңы этабын билдирет, өзгөрүүлөр бренддин көрүнүш өзгөчөлүгүнө гана эмес, корпоративдик маданиятка, кардарлар жана өнөктөштөр менен болгон мамилелерге да таасирин тийгизди", - деп CapstroyKG'нин коммерциялык директору Асель Абыкеева белгилейт.
Жаңы стратегиянын алкагында курулуш компания үй-бүлөлүк баалуулуктарга көңүл бурат, ал эми фирмалык аталыш жана слоган бизнеске жана кардарларга карата мамилени чагылдырат: "Биз жайлуулук жана бакыт атмосферасын камсыз кылган үйлөрдү жана кызматкерлердин үйү болгон компанияны курабыз", - деп кошумчалады Асель Абыкеева.
Логотиптин түс гаммасы кочкул түстөгү бирюза өңүнө өзгөрдү жана логотиптин символу кызматташуунун белгиси, компаниянын кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүсүнүн символу болгон эки баш тамгалардын (C) (Cap) жана S (stroy) айкалышын белгилейт. Ал эми “Үйдө болуу – бакыт” деген жаңы слоган ар бир адам үчүн маанилүү баалуулук жөнүндө айтып турат.
"Компанияда үгүттөлүп жаткан бакыт философиясы ишкердик процесстер, акыркы технологияларды киргизүү, заманбап жабдууларды жана материалдарды колдонуу, ошондой эле кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүнүн эсебинен ишке ашырылат.
Бакыттын баалуулуктары
Инновация
Ар бир кардардын маселеси индивидуалдуу. Шаблондук чечимдер жок, мыкты вариантты тандоого жардам берген жаңы ыкмалар жана мүмкүнчүлүктөр бар.
Ишеним
Компаниянын иши кардардын купуя сырларын жана каалоолорун сактоо үчүн анын кызыкчылыктарына жооп берүү жана күтүүлөрдөн ашып кетүү максатында курулган.
Жоопкерчилик
Компаниядагы ар кандай иш-аракеттер эң мыкты болууга умтулуу жана кардарларга жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүү милдеттенмеси менен шартталат.
Өнөктөштүк
Биз ар бир кардардын тандоосун сыйлайбыз жана өзгөчө сунуштардын, чынчылдыктын жана ак ниеттүүлүктүн аркасында жогорку натыйжалуулукка жетишебиз.
Табигаттуулук
Кимге жана кантип кызмат көрсөтүү биз үчүн баары бир эмес. Компания коомдун өнүгүшү үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат.
Кардарларга кайрылуу
Үйгө кош келиңиз!