Бишкектеги "Керемет Банк", "Эко Исламик Банк" жана акча алмаштыруучу жайларды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү

Бишкекте тоноочулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар бир катар кылмыш иштерин жасашкан.

2019-жылдын 9-сентябрында белгисиз жарандар "Престиж" акча алмаштыруучу жайына кирип, 70 миң сом алып чыгып кетишкен.

2019-жылдын 7-ноябрында бет кап тагынган белгисиз эки жаран эмеректер дүкөнүнө кирип, 60 миң сом алып чыгып кетишкен.

2019-жылдын 26-ноябрында бет кап тагынган эки жаран "Эко Исламик Банктын" 6-кичи районундагы сактык кассасына кирип, күзөтчүнү жана кызматкерди тапанча менен коркутуп 1 миллион 536 миң 365 сомду алып, чыгып кетишкен.

2020-жылдын 19-январында бет капчан эки жаран "Сенсон-Гранд" акча алмаштыруучу жайына курал менен кирип, 3 миллион 784 миң 546 сом өлчөмүндөгү каражатты алып кетишкен.

2020-жылдын 12-июнунда чаламандын чак түшүндө "Керемет-Банктын" филиалына бет кап тагынган жарандар куралчан кирип, кызматкерлерди коркутуп, кассадан 1 миллион 120 миң сомду алып кетишкен.

Бул фактылардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Комплекстүү издөө иштеринин алкагында кылмышка шектелип 1975-жылы туулган С.А. жана 1983-жылы туулган А.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми шектүүлөрдүн бири айдап жүргөн Тойота Лэнд Крузер-200 унаасы айып короосуна токтотулду.

Тергөө кызматы тарабынан кармалган жарандардын жашаган жери тинтүүгө алынып, бир катар буюмдар табылды. Макаров тапанчасы октору менен, травматикалык тапанча октору менен, спорттук сумка жана спорттук кийимдер алынган.

Учурда шектүүлөрдүн Бишкек шаарынын аймагында катталган мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-06-25 15:45:02
Ушинтип каракчылык кылып минген унаан буюрбай калсын килтейген акмактар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан