Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз кинематографисттери тарткан "Курманжан датка" фильмине баа берди. Бул тууралуу ал казак тилинин макамы, аны өнүктүрүүнүн жолдору боюнча маек берип жатып айткан.
Коңшу өлкөнүн президенти телеберүүлөр, радиоуктуруулар эне тилди өнүктүрүүгө салым кошуусу керектигин билдирген.
"Мындан ары улуттук идеяны козгогон программалар көп болушу керек. Менин оюмча, Борбордук Азиядагы коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы биз үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Тасмалар казак тилин жайылтууда маанилүү ролду ойнойт. Бизге тарыхый жана учурдагы көйгөйлөрдү даана чагылдырган продуктулар керек.
Кыргыз кинематографисттери ары кызыктуу, ары маңыздуу болгон "Курманжан датка" тасмасын 1 жарым миллион долларга тарта алышты. Ал эми биздин тасма жаратуучулар чоң суммадагы каражат сурашат, бирок фильмдин деңгээли дайыма эле жогору боло бербейт", - деген ал.
"Курманжан датка" тарыхый тасмасы Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгында, тагыраагы, 2014-жылы 31-августта элге көрсөтүлгөн. Тасмага Садык-Шер Нияз режиссёрлук кылган.