Ырчы Курал Чокоев дене табы жогорулап, сыркоолоп жатканын жазып чыкты. Учурда үйдө эле дары-дармектерди ичип жатам деген ырчы буларга токтолду.
"Кечээтен бери дене табым жогорулап, кайра түшүүдө. Андан сырткары муундарым ооруп жатат. Бул белгилерди байкаарым менен 118 ыкчам номуруна чалдым. Алар консультация гана беребиз дегенден кийин мобилдик топко дагы кайрылдым. Жыйынтык болбогонунан менчик лабораторияга анализ тапшырайын десем ал жак дагы кабыл албай жатыптыр. Мындан улам бир канча жылдан бери мени дарылап жүргөн ЛОРго кайрылдым.
Негизи ооруп калганымды мончодон чыккандан кийин муздак суусундук ичкенден эле көрүп жатам", - дейт ал.
Акыркы он күн аралыгында өлкө аймагында коронавирус илдети аныкталгандардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу мобилдик топтордун чакырган жерлерге баруусу өтө ыкчам болбой жатат. Мындан улам жарандар өздөрү да саламаттыгына көз салып туруу зарылдыгы чоң экенин Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борборунан маалымдашкан.