Караколдо айдоочу жол четиндеги бакты сүзүп каза болгон окуя: ОИИБ унаа уурдалып бара жатканын маалымдады

Бүгүн түнү Каракол шаарында айдоочу жол четиндеги бакты сүзүп каза болгону маалымдалган. Ысык-Көл ОИИБи маркум айдап бара жаткан Ауди А6 унаасы уурдалып бара жатканын маалымдады.

Анда айтылгандай, кырсык тууралуу маалымат Каракол ШИИБине түнкү саат 03:00 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу баштапкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы И.Ф. жана 18 жаштагы Ш.М. Караколдогу СИЗО-23түн жанында турган Ауди А6 унаасын уурдап качышканын такташкан. Алар Каракол шаарынын тургундары, унааны токтоп турган жеринен саат 02:30 чамасында айдап кетишкен. Уурдалган унаа менен алар Пристань айылын көздөй бет алышкан. Бирок Ф.И. жолдон рулду башкарууну жоготуп, жол четине чыгып, бакты сүзүп алган.

"Унаадагы 18 жаштагы адам учурда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жатат. Бул факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаанын ээси Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Т. экендиги белгилүү болду. Андан унаасынын уурдалганы боюнча арыз алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан