Ошто каракчылыкка шектелип кримавторитет кармалды

Ошто каракчылык кылганга шектелген кримавторитет кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн, 26-июнда кабарлашты.

Ушул жылдын 11-январь түнү болжол менен саат 03:30 чамасында милиция бөлүмүнө шаардык ооруканадан денесинен оор жаракат алган бейтап түшкөндүгү маалымдалган. Ооруканага ички иштер органдарынын кызматкерлери барышып, жабырлануучу Ош шаарынын 1989-жылы туулган Р.У. аттуу жашоочусу экенин аныкташкан.

"Окуя түнкү саат 02:00 чамасында болгон. Анда жабырлануучунун унаасын “Народный” дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар токтотушуп, кол салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу жаагынан үч жеринен сынык алган. Кылмышкерлер анын капчыгын, травматикалык тапанчасын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинген үч жаран, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган “Казак” каймана аты менен белгилүү У.М. кармалган.

24-июнь күнү жогорудагы окуяга катыштыгы бар делинип дагы бир жаран кармалды. Шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 1986-жылы туулган Т.И. аттуу тургуну. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Положенец” криминалдык статуска ээ, мурда соттолгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kuttubekuzgen
2020-06-26 15:04:05
Ошто канча казак бар озу? Баягыда эле бир казак деген камалды эдего?
+1
Nurgiz86
2020-06-26 15:51:04
Олуп эле албадынарда.
+2
talaa11
2020-06-26 17:18:40
Атып эле таштагылачы ушуга окшогон акмактарды
+1
bond02
2020-06-26 18:05:49
Казак камалды эле го.
0
kechirmeni
2020-06-27 09:09:36
жанында тапанчасы болсо берки деле жон адам эмес окшойт, акчасы кобуроок бизнесмен окшойт, негизи черныйларга катуураак чара коруш керек болуп атат. Откондо да казак деген неме народныйдын жанында бироону сабап кармалды эле го. ошол тегеректе офистери барбы эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан