Коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу кыйынчылыктарга, чек аралардын жабык экендигине карабастан, О! Мобилдик оператору түйүндүн өнүгүүсүнө инвестиция тартууну улантууда, ал эми техникалык адистер – О! операторунун 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйтүү багытындагы пландуу иштерин жүргүзүүдө. Июнь айында төмөнкү калктуу пункттардын тургундары байланыш сапатынын жакшыргандыгын байкай алышты:
О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко абоненттердин активдүүлүгүнүн «карантиндик» өсүүсү жыл сайын 2 эсе өсүп туруучу интернет-трафиктин фонунда жүрүп жаткандыгын белгиледи. Бул колдонуучулардын жогорку тактыктагы «оор» видеолорго кызыгууларынын пайда болуусунан, LTE мобилдик түйүндөрүнүн өнүгүп жаткандыгынан жана жалпысынан санариптик көндүмдөрдүн өзгөрүүсүнөн болуп жатат.
Жаңы «Переходи на О!» линейкасы менен «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясы иштегенге, квалификациясын жогорулатканга, көңүл ачууларга жана жөн гана баарлашуугу мурункудан да көбүрөөк интернет керек болгон абоненттердин жаңы керектөөлөрү менен жашоо образын эске алуу аркылуу иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндө О! Мобилдик операторунун 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтыган аймагында Кыргызстандын 97% ашуун тургундар жашайт. О! түйүнүнүн камтуу картасы менен О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу жаңылыктар www.o.kg сайтында жайгаштырылган.