"Ишти токтотуу үчүн 10 миң сом талап кылган". Жайыл РИИБинин ыкчам кызматкери кармалды

Чүй облусунун Жайыл РИИБинин ыкчам кызматкери пара талап кылуу беренесинин негизинде кармалды. Ал акчаны кылмыш ишин токтотуу үчүн алганын ИИМдин маалымат катчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, 18-июнь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Ю.Р. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу жолдошуна карата алдамчылык фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн Жайыл РИИБинин кызматкери 10 миң сом акча каражатын талап кылганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси ("пара талап кылуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"19-июнь күнү К.Ч. аттуу милиция кызматкери арыздануучуга байланышып, К.М. аттуу жарандын атына 10 миң сом акча каражатын которууну талап кылган. Арыз ээси "Кыргызстан" банкынан ошол эле күнү акча салган.

26-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Ч. кармалып, УКМКга жеткирилди. Тергөө иштери улантылат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2020-06-26 23:23:50
Коррупция менен курошчу адамдар оздору пара алып жатса анан кантип курошот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан