Ырчы Yella көз жарды

Yella каймана аты менен белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова менен жолдошу Кубаныч Бакытов ата-эне болушту. Кыздуу болгон ырчы кубанычтуу кабары тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ырчынын айтымында, ал 26-июнда саат 19:02де көз жарган. "Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 880 грамм болду. Ысымды чоң ата, чоң апасы коёт, азырынча кандай ат коёрубузду чече элекпиз. Кызыбыз атасына окшош", - дейт ал.

Назгүл Токтакунова 2019-жылы 29-июлда турмушка чыккан. Ал күтүлбөгөн жерден жигити, музыкант Кубаныч Бакытов ала качып кеткенин айткан. Түгөйлөр заманбап тоюн 13-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sajakat14
2020-06-27 01:41:19
Бешик бооңор бек болсун! Ден соолукта чоңойсун кызыңар! Боорукер, күйүмдүү, ыймандуу, бактылуу кыздардан болуп чоңойсун! Жакшы тыңып алыңыз Назгүл айым!
+5
Aliar1
2020-06-27 02:29:38
Йелла,полла,олла бул не деген ат кыргызга туура келген нерсени кылгылачы,Кыргыз болгондон уялсанар ошол кеткиле анда
+5
aydinnur
2020-06-27 07:48:15
Ну Йелла,Йеллоочка карындашым бешик боон бек болсун!Бирок ушундай обу жок аттарынар жакпайт да,ата эне берген аттан да киши уялабы!?
+2
Shef87
2020-06-27 09:56:00
Ким бул
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан