Вайнер Эмил Токтошев Инстаграмдагы баракчасына такси кызматын жарнамалаган видеороликти жүктөдү. Видео тамаша иретинде тартылган. Анда жигиттер көчөдө бара жаткан кызды ала качуу үчүн унаага салганда унаасы жүрбөй коёт. Жигиттер аны жүргүзүүнүн убарасын тартып жатканда, каршылык көрсөтүп жаткан кыз токтой калып, такси кызматынын номерин айтат.
Андан соң такси келип, кыз жигиттер менен унаада кетет. Буга чейин актёр Азамат Исмаиловдун сценарийи менен тартылган жарнамалык роликте дагы ала качуу тууралуу сөз болгон болчу. Ролик жарыялангандан кийин кыз ала качууну пропагандалап жатасыңар деген талкуу, сын-пикирлер көбөйүп кайра өчүрүшкөн. Биз Эмил Токтошевге байланыштык.
"Жок, роликте кыз ала качууга такыр пропаганда болгон жок. Ал жерде кызды үйгө алып барып, көшөгө артына кыйнап киргизүү деген көрүнүштөр такыр жок да. Тескерисинче кыздын акылынын күчтүүлүгүн көрсөттүк деп ойлойм. Ал балдарды оңой эле ойнотуп атпайбы. Ала кача албай, унааны жүргүзө албай жатканда номерди айтты. Бул учурда көңүл таксиге бурулат да. А балдар мындай кыздардан чочулап калат. Юморду түшүнгөндөр тамаша катары эле кабыл алып жатышат, азырынча эч ким деле ала качууну пропагандалапсыңар деп айта элек. Мен өзүм негизи ала качууга каршымын, а бул жарнамада бир гана тамашага жана такси кызматынын ыңгайлуулугун көрсөтүүгө көңүл бурулган", - деди Токтошев.