Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан "Чечме-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында күйүүчү майлоочу заттын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, 27-июнда 1971-жылы туулган Өзбекстандын Д.А. аттуу жараны башкарган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа Кыргыз өлкөсүнө келген. Автоунааны текшерген чек ара кызматы унаанын документинде көрсөтүлбөгөн кошумча бакта 2,5 тоннадан ашык күйүүчү май бар экендигин аныкташкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран жана күйүүчү майлоочу зат Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.