Аялды жерге жаткыра тепкен окуя: Жабырлануучу аял тосмо арыз жазды. "Мени тепкен балдар менен күрөшүүгө күчүм жетпейт" дейт ал

Буга чейин социалдык тармактарга белгисиз адамдар бир жигитти жана анын жанындагы аялды уруп жаткан видео тараган. Аталган окуя интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан болчу. Анда эркек киши аялды жыгылта түртүп, жерге жаткыра тепкен.

Учурда жабыр тарткан Шайыр Батыралиева ооруканада жатат. Ал абалы тууралуу айтып, окуянын чоо-жайына токтолду.

Бизде мындай ызы-чуу он жылдан бери эле болуп келет. Такталбаган жер тилкесин 2007-жылдары сатып алганбыз, кийин бир белгисиз адамдар келип, талаша баштады. Алар менен деле эч кандай тааныштыгыбыз жок.

26-июнь күнү балам жерди алабыз деп жатышат деп эле жөнөп кетти, мен артынан барсам, топтошкон балдар аны сабап жаткан экен. Мен видеого тартып, сотко берем койгула десем эле мени кошо уруп киришти. Ары жакта ойноп жүргөн балдар видеого тартып алып, интернетке тарап кетиптир. Учурда жардам беребиз деп көп эл колдоо көрсөтүп жатышат, ыраазымын
”, - дейт Шайыр Батыралиева.

Ал эми аталган окуя боюнча шектүү катары 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. аттуу жарандар кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева билдирген болчу.

"Ал бала өзү, ата-энеси, туугандары менен мага келип кечирим сурашты, мен тосмо арыз жазып бердим. Алар тараптан дары-дармекке жардам болду", - деп кошумчалады Батыралиева.

ЭСКЕРТҮҮ: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Апасындай аялды түртүп, жыгылта тепти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Baktyluumun98
2020-06-30 18:00:41
Анан? Талашкан жерди силерге бердиби?
+14
-BOSS-
2020-06-30 18:31:50
Илгеркидей акчасы көп бай манаптардын заманы келиптир да кайрадан, акчасы жок бей-бечаралардын жерин чыркыратып тепкилеп алып коюшат экен.
+18
-adam
2020-06-30 18:53:46
Ошончо тепки жеп анан тосмо жазып берип.тообо
Кичине Тим коюш кк болчу
+17
Azamat6
2020-06-30 19:00:51
НПО аялдарды коргоо боюнча Кырк чоро окшогон майда чуйдо
уюмдар емне кылып журот жардам бербейби
+17
Puper-pup
2020-06-30 22:00:16
Azamat6,алардын колунан пок да келбейт,өз кызыкчылыктары үчүнле алардыкы
+9
nurali1989
2020-06-30 19:17:59
Кызык болуптур го. Тосмо арыз жазып
+11
kriss120
2020-06-30 19:30:36
НПО. Кырк чоро дегендер акчасы барлардын укугун коргойт.Бул эже укугун коргосо кайсы акчасын берет
+14
Alinur96kg
2020-06-30 22:39:05
Акчадан берген экен,болбосо коркутуп койушту.Кырк чоро мындайларга даап суйлой алышпайт,алар аялдарга,алы жокторго эле кучу чыккан.
+10
Kumarchik
2020-07-01 09:40:03
Бир тепки менен жер сеники болуптурда 10 жылдан бери чечилбеген эми чечилиптир
-3
Raihan0602
2020-07-01 09:41:56
Дөөдөй болгон немелер экен го кичинекей аялды ыргыта тээп Кудай жазаласын аларды уяты жок дөөпөрөздөр алардын да энеси эже карындаштары бардыр.Бул кай жерде болгон окуя
+6
Raihan0602
2020-07-01 09:44:32
Сүйлөшүп эле жакшылыкча чеишип алса болот да.Чечилбеген маселе болбойт го акыры
+3
Akoga
2020-07-01 10:00:15
Кайсы адилет сотуң жээ органың бар эле. Айласыз тил табышты да
+7
Nursul
2020-07-01 11:13:49
Бир аз койо турса болмок тосмо арызын жазбай
+3
suban78
2020-07-01 13:05:20
Кучтуунун заманына келдикпи балдар. Кырк чоро деген баатырлар бекинип калышса керек мындайда. Кучу жетпеген алсыз кыздарды урганга гана кучу жетет да алардын. Коркутушту бекен бечара аялды же кандай.
+2
adilbars
2020-07-01 14:52:08
Тосмо арыз бербесе жаман болот да, аягы баары бир аларды бошотот, любой жол менен. Мында органдар өзү аралашат, ушундай заман азыр, толтура зөөкүрлөр, каалаганын жасап жүрүшөт. Карапайым элди туш тараптан жеп, кемирип баратышат.
+2
taalay25
2020-07-01 15:46:54
«40 чоро», деген шумшуктор каякта! Мына бул эжени бетке тепкен арамдар точно арам тамак сволочтор! Озу айтып атбайбы «аттуу баштуу оокаттуу адамдын балдары экен», деп ата энесинин доолоту менен ушундай иштерди кылып журоттор
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан