Мурдагы жолдошу менен соттошуп жаткан ырчы Бурул Арунова иш улам жылып жатканын айтты

Ырчы Бурул Арунова жолдошу Эрнис Турсун уулу менен ажырашканын, ага үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айткан. Ырчы менен жолдошу ушул жылдын январь айында ажырашкан. Бирок эки башка жолго түшсө дагы ырчыга жолдошу тарабынан коркутуулар болуп, тынч жашоо бербей жатканы Арунова тарабынан белгилүү болгон. Экөөнүн чыры сотко чейин жетип, ишти азыр Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат.

29-июнга белгиленген соттук отурум дагы жылдырылды дейт ырчы.

"Соттук ишти кароо дагы жылдырылды. Мурдагы жолдошума мамлекет тарабынан акысыз жактоочу дайындалган. Бирок ал сот башталарда жаңы жактоочу алып келиптир. Жактоочу: "Мен иш менен таанышышым керек" деп соттук иштин жылдырылышын суранды. Эрнис ишти атайын созуп жатат", - деди ал.

Ал эми ырчынын жолдошу Эрнис Турсун уулу бул окуя боюнча комментарий бербей турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
O.dembele
2020-07-01 09:44:38
Мурунку заманда "болор иш болду"дешчу.
Азыркы заманда "Акчасын алсам"дешет.
+5
taalay25
2020-07-01 10:10:50
O.dembele,Туура баа бердин тууган
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан