Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам көз жумуп, 2 адам жаракат алды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 киши (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөнү такталууда) каза болуп, 2 эркек киши (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.

ӨКМнын куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы райондук ооруканага жеткирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Noon
2020-07-01 10:25:01
Ээ Аллахым өзүң колдой көр! Эмнелер эле болуп жатат.
+1
bond02
2020-07-01 10:42:04
Арактын ботолкосун кошпой эле тартса болмок суротко.
-1
Nursul
2020-07-01 11:16:57
Арактын айынан болуптур да арак ичип алып айдап бараткан го кыязы.
+2
aliya-leyla
2020-07-01 12:35:02
Кудайым ай, Бир жактан вирус, Бир жактан жол кырсыгы акыркы кундору ушул эки апааттын азабын коп тартып атат элим. Абайлап айдашпайт, айрыкча УАЗ айдагандар аман эле болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан