Жалал-Абаддагы жайлоолордун биринде 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 26-июндан бери изделип жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-июнда саат 19:00 чамасында Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосунда 2006-жылы туулган бала кошунасыныкына кетип, үйүнө кайтып келбегендиги тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен.

"2-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес. Куткаруучулар жайлоодо жайгашкан чатырда түнөп калышты. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан