Актёр Болотбек Тилек ооруп, кыйналып жаткан бейтаптарды жеке унаасы менен ооруканага жеткиргенге даяр экенин билдирди

Актёр Болотбек Тилек өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам жаралып жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабай, жеке унаасы менен ооруп жаткандарды бейтапканаларга жеткирүүнү колго алды. Бул демилгени колдоп, катарга кошулууну каалагандар болуп жатат деген актёр буларга токтолду.

"Бизде "Тез жардам" унаалары жетишсиз болуп, бейтаптар ооруканага өз убагында жетпей калган учурлар катталып жатат. Буга байланыштуу жеке унаам менен ооруп жаткан бир туугандарыбызды бейтапканага жеткирүүгө даярмын. Жок дегенде транспорт жагынан жардам берүү колумдан келет. Мен бул демилгем боюнча социалдык тармакка билдирүү калтыргандан кийин, "мен дагы ооруп жаткандарды ооруканага жеткирип, жардам көрсөтөт элем" деген мекендештер кайрыла баштады. Айрымдары унаасынын жок экенин айтып, бирок бейтапты көтөргөнгө же жөлөп-таяп турганга даярдыгын билдиришүүдө", - деди ал.

Эгерде абалыңыз начар болуп, ооруканага баруу зарылдыгы келип чыкса Болотбек Тилекке кайрылсаңыздар болот.

Байланыш номерлери: 0(707) 208-902, 0(500) 208-902, 0(704) 168-291.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aigul89
2020-07-03 12:40:41
Азамат
+4
Beck_13
2020-07-03 12:40:44
Эркек
+4
portugalia
2020-07-03 13:02:44
Азамат!
+5
nargiz-sa
2020-07-03 13:14:09
Бирок өздөрүн этият кылышсын өздөрү да бирөөлөр үчүн өтө керек
+11
AdylbekB84
2020-07-03 13:32:39
Бар болгула кыргызстандыктар!
-1
JaneEr
2020-07-03 13:55:20
Эми ушинтип оор сыноодо бир-бирибизге жардам берип ооруну женели!
+3
iamjuma
2020-07-03 14:06:38
Азаматсын кимдин кандай инсан экени ушундайда билинет. Элдин керегине жарап жатышат ...
+3
Raihan0602
2020-07-03 15:18:16
Сендей патриот уулду жарык дүйнөгө алып келип тарбиялап өстүргөн Ата Энеңе рахмат.Бар бол уулум кем болбо өзүң да сак бол.Алла ыраазы болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан