«Бакай Банк» колдоо иретинде "Тез жардам" борборунун кызматкерлеринин карталарына 1000 сомдон которду. Каражатты бошотуу үчүн банк Бишкектеги бардык сырткы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруудан баш тартты.
Акча каражаттары Бишкек шаардык "Тез жардам" борборунун кызматкерлеринин карталарына түз которулду. Банктын пресс-кызматынын маалыматына караганда, медиктерди колдоо үчүн каражат бардык сырткы жарнамадан баш тартуунун жыйынтыгында бошогон.
«Банк Кыргызстан үчүн ушул оор күндөрдө медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирет», - деп айтылат «Бакай Банктын» билдирүүсүндө.
Контакт-центр 24/7:
* bakai.kg
* 6111 (уюлдук телефондордон)
* +996 554 006 111 (WhatsАpp)