Ош шаарында болжол менен 40-45 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси орто мектептин короосунан табылды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз катчысы ырастады.
"Маркумдун жансыз денеси 1-июлда шаардагы Нариманов орто мектебинин короосунан табылган. Анын денесин кароо учурунда көк ала тактар болгон эмес. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда", - дейт маалыматы катчы.