Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан жарыяланды.
Видеонун автору өрт бүгүн, 4-июлда саат 16:40 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү имараттан чыкканын айтат. Азырынча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат бере элек.