Орусиянын Тольятти шаарында өтүп жактан "TSZ Cup" аттуу теннис боюнча эл аралык мелдештин чейрек финалга жолдомо берчү беттеште Даулет Жумаев орусиялык Роман Гиголаевге 7:5, 6:1 эсебинде жеңилип калды. Эл аралык теннис федерациясы билдиргендей, эми Даулет Жумаев орусиялык Михаил Вовканца менен жупта, жарым финалга жолдомо алуу үчүн беттеш өткөрөт.