Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу бүгүн, 11-сентябрда башталат. 10-сентябрда өткөн чүчүкулактын жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы В тайпасында Кытай, Өзбекстан, Түркия менен оюн өткөрөт. Ал эми А тайпасында Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Монгол курама командалары беттешет. Кыргызстан бүгүн алгачкы беттешин Өзбекстан командасы менен таймашмакчы. Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча Ооганстан командасы жетиштүү курам менен келбегендиги үчүн мелдештен четтелиши мүмкүн. Ал эми мелдеште 1-орун үчүн 75 миң, 2-орунга 45 миң, 3-орунга 35 миң доллар каралган.