Шопоков шаарындагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМнын №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмү барып, болжол менен 55-60 жаш курагындагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.