CapstroyKG медицина кызматкерине батир белек кылат. Мындай ниетин CapstroyKG курулуш компаниясы социалдык тармактардан билдирди.
Маалыматта курулуш компаниянын башкы директору Талантбек Кенжеев медицина кызматкерлерине өзүнүн урматтоосун билдирип, ыраазычылык иретинде компаниянын кайсы бир турак жай комплексинен батир белек кылаарын маалымдаган.
"Ушундай кыйын кырдаалда биринчи кезекте бардыгыбызга бекем ден соолук каалайм. Өзгөчө өз жанын аябай, биздин өмүрдү сактап калуу үчүн чуркаган медицина кызматкерлерине бекем ден соолук. Алардын талыкпас эмгеги, өз жанын аябагандыгы жана чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык иретинде, ошондой эле Кыргыз медицина кызматкерлеринин күнүнө карата биз CapstroyKG компаниясынын атынан Nova турак жай комплексинен 1 бөлмөлүү батир бөлүп берүүнү чечтик. Дайыма жана өзгөчө азыркы убакта үй – бул коопсуз жана жайлуу жер болуп келген. Биздин медиктер күнү-түнү бир гана жумушта болбостон, көпчүлүк убактысын өз үй-бүлөсүнүн жанында өткөрүүсүн каалайт элем", - деп айтылат кайрылууда.
Компаниянын бул сунушу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлдү. “Кызыл зонада” иштеп, башкалардан айырмаланып тандалган медицина кызматкерине тапшырылмакчы. Компаниянын өкүлдөрү белекке берилүүчү батир татыктуу кандидатка жана ага муктаж болгон адиске тапшырылса деген үмүттө.
"Кыргызстандыктардын күчү – бул биримдикте, биригип, бири-бирибизге жардам бергенде гана биз бардыгын жеңээрине чын дилимден ишенем. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, күч кубат жана оптимизм каалайм. Ар бир күн жакшы жаңылыктардан башталсын, ал эми ар бир үй-бүлөдө барчылык, жылуулук жана тынчтык болсун! Дагы бир жолу Кыргыз өлкөсүнүн медицина кызматкерлерине өзүмдүн урматтоомду жана ыраазычылыгымды билдирип, сиздерге жана жакындарыңыздарга ден соолук каалайм. Сиздер көрсөткөн камкордук жана кайрымдуулук өзүңүздөргө бейпилдик алып келсин. Дайыма саламатта болуңуздар, жашоодон ырахат алыңыздар жана ар дайым кубана турган учурлар көп болсун", - деп жазылат кайрылууда.