Кыргыз салттуу музыкасынын алып жүрүүчүсү, дастанчы Азиз Батыров уулдуу болду. Кубанычтуу кабарды ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.
"Өтө кубанычтамын. Азыркы учурда Ош шаарындабыз. Кудайга шүгүр, келинчегимдин, баламдын дагы абалы жакшы.
Уулумдун салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 51 сантиметр. Буюрса, уулумдун атын эл-жерибизде ынтымак болсун деген ниетте Ынтымак койгону жатам", - деди кубанып турган ырчы Азиз Батыров.