10-сентябрда Кыргызстанда 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Өрттүн кесепетинен көз жумгандар жок.