10-сентябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча КРнын улуттук курама командасы 21 жашка чейинки жаштар курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул беттеш улуттук курама команда үчүн АФКнын чакыруу кубогуна даярдануу алкагында болсо, жаштар курама команда үчүн жыл сайын Орусияда өтүүчү “Шериктештик кубогуна” даярдык иретинде өттү. Беттеш 2:0 эсебинде улуттук курама команданын пайдасына чечилди. Голду Курсанбек Шератов менен Азиз Сыдыковдор өз ысымдарына жазды. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө жаштар курама командасы 11 метрлик айып сокку тебүүгө укук алган, бирок оюнчу Аман Талантбеков топ тебүүдө жаза басып, оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.