Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм кыз атасы тарабынан сабалып, каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, анын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери барып, 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгонун аныкташкан. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1971-жылы туулган Б.С. аттуу кыздын атасы кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.