Жалал-Абад облусунда акыркы 6 айда 138 өрт кырсыгы катталды

Жалал-Абад облусунда акыркы 6 айда 138 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.

Болуп өткөн өрттүн кесепетинен материалдык чыгым 7 миллион 95 миң 9 сомду түзгөн. 92 өрт турак жай секторунда катталган.

2019-жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,9 пайызга азайган. Ал эми 2019-жылы кырсыктан 5 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Өрттөн 2 адам куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан