Ырчы Малик Аликеевге кийинки аптада операция жасалат

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчы Малик Аликеев операция жасатууга даярданып жатат. Бул тууралуу ырчынын жубайы Жаңыл Темирканова тарабынан маалым болду.

Айтымында, учурда ырчынын абалы жакшы, ал операция жасатууга даярданып жатат. Буюрса, көптөн күткөн операция келерки аптада жасалат.

Буга чейин социалдык тармактарда Малик Аликеевдин "ооруканада жатып, мас болуп алып чуу чыгарып жатат" деген видеосу тараган. Бул видео боюнча Жаңыл айым кыскача буларды айтып берди.

"Операция ийгиликтүү болуп, Малик өзүнө келип алгандан кийин интернетке тарап кеткен видео боюнча комментарий берет.

Маликтин операциясына көп эле жактардан, жарандардан каржы жагынан жардам берилди. Ошол каражатка көз арткандар болду окшойт. Менимче, бул жерде көрө албастык эле болуп жатат. Жолдошум жардам катары берилген акчаларды үй-бүлө мүчөлөрүнө бербейт, биз канча акча бар экенин да билбейбиз. Акчаны дарыланууга жардам берип жаткандардын бири чогултат. Малик дарылануудан арткан каражатты коронавирус менен күрөшүп жаткандарга берейин деп жаткан", - деди ал.

Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fanatka19
2020-07-10 02:09:37
Баян Кулова деген журналист жазып чыккан эгер калп болсо соттошсо болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан