12-16-сентябрь күндөрү Латвиянын Рига шаарында жаштар арасында өтүүчү самбо боюнча Европа чемпиондугуна кыргызстандык спортчулар да катышат. Бул тууралуу самбо федерациясы маалымдайт. Аталган мелдешке, Кыргызстандан Дастан Кылычбек уулу, Фархат Абжалиев, Нурсултан Айталиев барат, машыктыруучусу Эркин Мамбеталиев.