Пара алууга айыпталып ИИМдин кызматкери кармалды

“Кылмыш ишин козгобойм” деп жөнөкөй жарандан акча талап кылган деп шектелип ИИМдин маалымат-аналитикалык борборунун кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 9-сентябрда укук коргоо кызматкерлерине бир жаран милиция кызматкерлери андан 12 миң сом талап кылып, эгерде аталган сумманы бербесе камап коёорун айтып, коркутуп жаткандыгы тууралуу арызы менен кайрылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 7-сентябрда милиция кызматкери арыздануучунун инисин телефон уурдаганга шектүү катары кармагандыгы белгилүү болгон. Андан соң ал укук коргоо кызматкери шектүүнүн туугандарынан 15 миң сом сурап, акчаны беришсе, кылмыш ишин козгобой тургандыгы тууралуу айткан. Милиция кызматкери акча алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилиптир. Бул факты боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
idiris
2013-09-11 16:12:38
Мындай ситуация менде да болгон.Бирок кудайга эле тапшыргам.
0
shoma198003
2013-09-12 00:44:37
сагызган сактыгынан эмес,суктугунан олот дейт,колу менен кылганды мойну менен тартыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан