Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга вируска каршы дары-дармектерди алып чыгып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казак жаранына таандык Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа токтотулганы айтылат.
"Унааны текшерүүгө алганда, анын жүк салуучу бөлүгүндө жашыруун өткөрүлүп бара жаткан дары-дармектердин бар экендиги аныкталган. Натыйжада тиешелүү документтери жок эуфилинден 520 таңгак, левомактан 460 таңгак табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат маалыматта.
Финпол мындай мыйзам бузууларга күбө болгондор аймактык жетекчилерге байланышса болорун эскертип, номурларын берген.