Өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу компания дарыгерлерге жана башка медицина кызматкерлерине акысыз пакеттерди камтыган SIM-карталарды таратып берүү чечимин кабыл алды.
Учурда аймактарда иш алып барган компаниянын кызматкерлери арыздарды чогултуп, SIM-карталардын тизмелерин түзүп жатышат. Андан кийин алар 2020-жылдын 6-сентябрына чейинки мөөнөткө “Бирге для интернета” тарифтик планына кошулат. Акысыз байланыш SIM-карталары медицина мекемелердин кызматкерлерине түздөн-түз жеткирүү кызматы тарабынан берилет.
"Биз COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүүнү улантып жатабыз Учурда окуялардын алдыңкы катарында болгон адамдарга (ооруканаларда, госпиталдарда, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана стационарларда эмгектенген медицина кызматкерлери) көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. 2020-жылдын март айынан тарта биздин компания Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын дарыгерлерине жана башка медицина кызматкерлерине даректүү жардам көрсөтүп келет", - деди Скай Мобайл ЖЧКсынын коммерциялык мүдүрү Александр Атаманов.
Көнүл бургула! Beeline медициналык мекемелерден кызматкерлердин аты-жөнү көрсөтүлгөн жана башкы дарыгердин колу коюлган жана мөөрү басылган тизмелерди кабыл алат. Медицина мекемелердин арыздары төмөндөгү номерлер аркылуу кабыл алынат:
Бишкек аймактык бөлүмү – 0776003399
Каракол аймактык бөлүмү – 0775977597
Нарын аймактык бөлүмү – 0778777999
Талас аймактык бөлүмү – 0777990255
Жалал-Абад аймактык бөлүмү – 0775588884
Ош аймактык бөлүмү – 0227227227
Баткен аймактык бөлүмү – 0770071007